Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Аскерий укук

АСКЕРИЙ УКУК – КР Куралдуу Күчтөрүн түзүү тармагында, аскерлердин жашоо-турмушун жана ишмердигин уюштурууда коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин жыйындысы. А. у. укуктун комплекстүү тармагы болуп эсептелет, анткени, ал салттуу тармактардагы (административдик, жарандык, эмгектик, кылмыш-жаза ж. б.) ченемдер менен бирге атайын аскердик-укуктук актыларды да өз ичине камтыйт. А. у. КР Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлүшүнүн принциптери менен ченемдерин; аскерлерди башкаруунун негиздерин; КР Куралдуу Күчтөрүн өздүк курам менен жабдуунун жана аскер кызматын өтөөнүн тартибин; аскерлерди уюштуруунун жана материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу тартибин; командирлердин (начальниктердин) тартиптик бийлигин жана аскерлердин тартибин чыңдоонун негиздерин; аскер кызматкерлерине жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө жеңилдик берүүнүн, бааракы жана жөлөкпулдарды чектөөнүн маңызын жана тартибин;КР Куралдуу Күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин жана жарандык персоналдардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: